ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кайрадан көрктөндүрүү эрежелери бузулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Таалай» базарынын түштүк-чыгыш тарабы антисанитардык абалга жетип, инерттүү материалдар чогултулгандыгы, ошондой эле Чүй проспектисинин жээгинде санитардык нормалар сакталбай, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


«Ак-Бата» жаӊы конушунун 10-көчөсүнүн №32 үйүнүн жашоочусу көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларды сактабастан  жолдун жээгине көмүр чогултуп, сатып жаткандыгы аныкталды.


Инспекторлор тарабынан эки бузуучуга теӊ Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиялардын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов. Телефон 0312 65-81-59, 0550 17-31-70.