ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мыйзамсыз курулуш объектилерин алуу улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери муниципалдык жерлерди инвентаризациялоонун жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин жүргүзүштү.

Алынган объектилердин тизмеси:


- Ахунбаев жана Шабдан –Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода күркөсү;


 - Тыналиева көчөсү боюнча «Нарзан» кафесинин маӊдайындагы соода күркөсү;


 - Огонбаев көчөсү боюнча тротуардын эсебинен кеӊейтилген кафенин курулушу;


 - Абыдмомунов көчөсү, 225 дареги боюнча тротуардын эсебинен кеӊейтилген темир тосмо;


 - Сыдыков-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги пайдубал алынды.


Аталган объектилердин ээлерине бир нече жолу күркөлөрдү алуу керектиги жөнүндө эскертүүлөр берилген. Жакын арада калаада дагы бир нече мыйзамсыз объектилер алынат.


2016-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы болуп өзгөртүлдү. Башкармалыктын директору Иманакун уулу Талант. Телефон: 0312 89 19 26.

 

Пристройка к кафе, увеличенная за счет тротуара по ул.Огонбаева (до и после)

Фундамент на пересечении улиц Сыдыкова-Турусбекова (до и после)

Торговый павильон на пересечении улиц Ахунбаева и Шабдан-Баатыра (до и после)

Торговый павильон по ул. Тыналиева, напротив кафе «Нарзан» (до и после)

Металлический забор, увеличенный за счет тротуара по ул. Абдумомунова, 255 (до и после)