ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар тургундары таштандыларды өрттөшүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан Биринчи май районунун санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Фучик көчөсү, №47 дарегинде жайгашкан «Ак-Сай» ЖЧКсынын кызматкерлери тарабынан белгиленбеген жерге тиричилик таштандылары өрттөлүп, калаанын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Ак-Сай» ЖЧКсынын башкы директору Салейходжаева Р.А. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.