ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада балдар арасында баскетбол боюнча мектеп лигасынын жеӊүүчүлөрү аныкталды

21-январда «Арча-Бешик» конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплексинде балдар арасында баскетбол боюнча мектеп лигасы жыйынтыкталды.

Лига билим берүү уюмдарындагы мыкты команданы аныктоо, окуучуларды сергек жашоого үндөө жана дене тарбия жана спортко машыгууга чакыруу максатында өткөрүлдү.


Мелдешке жалпысынан 16 командадан 100гө жакын спортчу катышты.


Спорттук мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду- №17 орто мектеп, экинчи орунду - №24 орто мектеп жана үчүнчү орунду - №54 орто мектеп алды.


Эскерте кетсек, 23-январда кыздар арасында баскетбол боюнча мектеп лигасынын шаардык этабы башталат.


Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан өткөрүлүүдө.


Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов. Тел: 0312 44-29-51