ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Акылдуу шаар» аталышта тегерек стол өткөрүлдү

«Жаннат» отелинде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында Бишкек шаарындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашырууга даярдыктарды көрүүнүн алкагында тегерек стол өткөрүлдү.

Өзүнүн сөзүндө Албек Ибраимов шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн коопсуз, ыӊгайлуу шаар куруу мэриянын негизги иштеринин бири экендигин белгиледи.


«Бүгүн биз шаардын жашоосундагы маанилүү маселелерди, анын ичинде тышкы жарыктандыруу, түйүндөрдү модернизациялоо, шаардык системаны жакшыртуу маселелерин талкулоого чогулдук»,-деди мэр.


Катышуучулардын алдына тышкы жарыктандырууну модернизациялоо боюнча Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору Азамат Усубалиев жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын башчысы Азамат Кожомкулов доклады менен чыгышты.


Мындан тышкары, Бишкек шаарынын «Жогорку технологиялардын паркынын» өкүлдөрү «Акылдуу шаар» долбоору боюнча айтып беришти.


Россия Федерациясынан Бишкекке келген эксперттер катышуучуларды долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбалары менен тааныштырышты.