ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектиктер калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Октябрь районунун санитардык абалы текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Көк-Жар» жаӊы конушунун  Молдокулов көчөсү №18 үйүнүн жашоочулары тарабынан көрктөндүрүү эрежелерин бузуу менен канализацияга кошулуу үчүн жер иштери жүргүзүлүп жаткандыгы, ошондой эле тиешелүү ордердин жоктугу жана жолдун жээгине чейин чыгып кеткендиги аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ кызматкерлери тарабынан жеке үйдүн ээси Молдалиева Г. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.