ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы кырсыктан жабыркагандарга жардам чогултуу пунктарын ачты

Урматтуу бишкектиктер! «Манас» аэропортуна жакын  Дача-Суу айылында кулаган учактын кесепетинен мекендештерибиз жабыркап, оор жоготууга дуушар болуп отурабыз. Бишкек шаарынын мэриясы  кырсыкта көз жумгандардын жакындарына, үй-бүлөлөрүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат жана жабыркагандарды тезирээк сакайып кетишин тилейт.

Шаардык муниципалитет  жардам чогултуу пунктун Чүй проспектиси, №315 дарегинде Ленин райондук администрациянын имаратында ачты.


Жардам берүүнү каалаган жарандар жардам чогултуу пунктуна 0312 65-38-81, 0312 65-69-02 телефон номерлери аркылуу байланыша алышат. Ал эми жардам чогултуу иштерин райондун акиминин орун басары Жамалкан Мамытова жетектөөдө. Анын телефону 0551 18-43-28.