ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө катышат

Бишкек шаарынын мэриясы «Манас» аэропортуна жакын  Дача-Суу айылында кулаган учактын кесепетинен жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтөт.

Жүрөк үшүн алган кырсык 1988-жылы туулган «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери, 8 айлык боюнда бар Кожоналиева Наргизанын өмүрүн дагы алган. Ал  ишканада материалдык бухгалтер болуп эмгектенип келип, декреттик өргүүгө чыккан. Анын жолдошу жумушта болгондуктан жабыркаган жок. Артында 5 жашар кызы калды.


Азыркы учурда Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун имаратында Кызыл жарым ай Улуттук коомунун кызматкерлери тарабынан 2 чатыр тигилип, ысык чай жана кофе уюштурулду.

Октябрь районунун акимиаты акимиаттын жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринен кезмет уюштурду. «Бишкексвет» муниципалдык кызматы короонун айланасына тышкы жарыктандырууну орнотту. Шаардык транспорт башкармалыгы курман болгондордун жакындарын ташуу  үчүн бир автобус берди. Тамак-аш уюштурууну, жардам берүүнү каалагандар Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков – 0558600101 байланышсаӊыздар болот.


Чүй прспектиси, №315 дарегинде Ленин райондук администрациянын имаратында жабыркагандарга жардам чогултуу пункту иштейт. Муниципалитет жардамдарды чогултуу жана жеткирүү үчүн транспорт берүүгө даяр. Жардам көрсөтүү боюнча Ленин районун акиминан орун басары  Жамал Бекмурзаевнага – 0551184328 кайрылсаӊыздар болот.


Бишкек шаарынын мэриясы кырсыкта көз жумгандардын жакындарына, үй-бүлөлөрүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.