Шаардык муз тебүү аянты санитардык нормаларды сактабай жатат
- Подробности
- Опубликовано 12.01.2017 13:14
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекициясынын инспекторлору Октябрь районунун санитардык абалын текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Токомбаев көчөсү 21/1дарегинде жайгашкан муз тебүү аянты антисанитардык абалга жетип, курулуш таштандылары башаламан ташталгандыгы жана санитардык нормалар сакталбай, көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан муз тебүү аянтынын ижарачысынын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |