ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курулуш компаниялар шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Биринчи май районунун санитардык абалын текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Рыскулов көчөсү 79 дарегинде жайгашкан  «Капитал Строй Инвест» курулуш компаниясынын айланасы антисанитардык абалга жеткендиги жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Капитал Строй Инвест»  компаниясынын башкы директору Кенжеев Т.нын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кедексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.