ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери калаанын жолдорун кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүүдө

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таӊ эртеден тартып калаанын жолдорун, аялдамаларды жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо, жолдорго кум жана туз себүү  иштерин жүргүзүшүүдө.

Кум чачуу иштерине  17 кар тазалоочу унаа, 4 грейфердик жүктөгүч, 4 трактор, ал эми тазалоо иштерине жол-эксплуатация башкармалыгынын 20 кызматкери тартылды. Кардан тазалоо үчүн 234 тонна кум жана 26 тонна туз себилди.


Ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Мунципалдык аймактык башкармалыктарынан 545 короо шыпыргыч тазалоо иштерине катышышты.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан кардан жана муздан тазалоо боюнча арыздарды, WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге так дарегин жана сүрөтүн көрсөтүү  менен төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.


Бишкек шаарынын мэриясынын  Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.