ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрияда мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү боюнча штаб түзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында вице-мэр Бакытбек Дюшембиевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуш объектилерине бөгөт коюу жана жоюу тармагындагы түзүмдүк бөлүмдөрдүн аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү.


Тегерек столго мамэкотехинспекциянын башчысы, «Бишкекбашкыархитектура» МИ башчысынын милдетин аткаруучусу, райондук администрациялардын башчылары, сот аткаруу департаментинин өкүлдөрү, шаардын техникалык жана инженердик кызматтардын өкүлдөрү катышты.


 Иш-чаранын катышуучулары тарабынан Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулушка жол бербөө боюнча алдын алуу чараларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу талкуланды.


Талкуунун жыйынтыгында мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү боюнча штаб түзүү чечими чыгарылды. Ошентип, Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жылдын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуш объектилерине бөгөт коюу жана жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.