ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын борборундагы тротуарлар оӊдолот

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, Бишкектин Манас жана Жибек Жолу проспектилеринин жана Бөкөнбаев, Абдрахманов көчөлөрүнүн чектешкен чарчысында   тротуарларды оӊдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда оӊдоо иштери аба-ырайынын суукташына байланыштуу токтотулду. Жаздын башталышы менен оӊдоо иштери улантылып, май айынын аягына чейин бүткөрүлөт.


Москва, Киев, Фрунзе көчөлөрүнүн, Чүй, Жибек Жолу проспектилеринин, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Панфилов көчөлөрүнүн, Эркиндик бульвары, Тоголок Молдо, Орозбеков көчөлөрүнүн жээктеринде жайгашкан тротуарлар оӊдолот.


Оӊдоо иштерине шаардык бюджеттен 50 миллион сом коротулат.