ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2017-жылдын 11-январында Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлөт

Эртеӊ, 2017-жылдын 11-январында шаардык муниципалитеттин жыйын залында Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлөт.

КР «Шаардын статусу жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңыдан шайланган Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы башталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.