ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

КР Өкмөтү шаардык муниципалитеттин кызматкерлерин сыйлады

Шаардык муниципалитеттин  жыйындар залында Бишкек шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин КР Өкмөтү тарабынан сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасына сиӊирген өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен  Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» МИ айдоочусу Абдрахманов Муканбет сыйланды.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш. Жээнбековдун атынан ыраачылык төмөнкүлөргө жарыяланды:


- Ормокеев Улану Сабыралиевич –  «Жашылдандыруу курулуш» МИ  жашылдандыруу-чебери;

- Кайкиева Гульнур  Абджапаровна – Бишкек шаардык медициналык тез жардам станциясынын дарыгери;

- Кузнецова Татьяна Анатольевна – Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча башчынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы буйругу менен ыраазычылык төмөнкү кызматкерлерге жарыяланды:


- Жапаров  Азамат Бактыбекович –  Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;


- Кожомкулов Азамат Төлөмүшович– «Бишкексвет» МИ башчысы;

- Сарпашев Рыспек Анакович – «Тазалык» МИ башчысы.


Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн «Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси» менен Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абылаев Замирбек Адылович сыйланды.