ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы мектеп лигасынын жыйынтыктарын чыгарды

Свердлов райондук администрациясы 24 мектеп арасында 13 спорттун түрү боюнча өткөн «Мектеп лигасынын» жыйынтыктарын чыгарды.

Спорттук мелдешке жалпысынан 1800 окуучу катышып, кичи-футбол, жеӊил атлетика, спорттук багыт алуу, волейбол, шахмат жана башка спорттун түрлөрү боюнча мелдешишти.


Мелдеш 2016-жылдын 29-октябрынан 8-декабрына чейин өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгы боюнча Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, райондук билим берүү борборунун директору жана райондук спорт комитетинин башчысы жеӊүүчүлөрдү куттуктап, диплом, медаль, кубок жана баалуу белектер менен сыйлашты.


Азыркы учурда мелдеш Бишкек шаарынын бардык райондорунда өткөрүлүүдө. «Мектеп лигасы» 2016-жылдын 17-октябрында башталып, 2017-жылдын 25-майына чейин улантылат.


Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич. Тел: 44-29-51. Социалдык өнүктүрүү, анын ичинен спорт башкармалыгына тиешелүү маселелерди Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова көзөмөлдөйт.