ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Альтернативдик балаты» конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды

Октябрь райондук администрациясы «Альтернативдик балаты» конкурсунун жыйынтыктарын чыгарып, жеӊүүчүлөрдү сыйлады.

28-декабрда Д.Асанов атындагы Жеӊиш паркында Октябрь райондук администрациясы тарабынан уюштурулган «Альтернативдик балаты» жаӊы жылдык конкурсуна кароо өткөрүлдү.


Конкурс Жаӊы 2017-жылга арналып, балдардын, жаштардын, район тургундарынын  чыгармачылыктарын  өнүктүрүү максатында өттү.


«Колдо бар буюмдар менен кооздолгон мыкты, оригиналдуу балаты», "Улуттук баалуулуктар менен кооздолгон мыкты балаты", "Түрдүү фирма, компаниялардын белгилери колдонулган мыкты жарнамалык балаты" номинациялары боюнча өткөрүлүп, конкурска катышуу үчүн 31 арыз келип түшкөн.

Аталган жаӊы жылдык конкурстун жеӊүүчүлөрүнө 2000 сомдон 10 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.