ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын борбордук аянтында жаӊы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү

«Ала-Тоо» борбордук аянтында балдар үчүн жаӊы жылдык иш-чаралардын биринчи бөлүгү өткөрүлдү.  Майрамдык иш-чара Аяз ата, Аяз кыздын жана жомок каармандарынын, ошондой эле келе жаткан жылдын символу болгон – Короздун  коштоосунда өттү.

Иш-чара «Ассоль» бий студиясынын театралдаштырылган көрсөтүүсү менен башталып, куурчактардын, цирк артисттеринин жана «Убакыт» жаштар театрынын концерттик программасы менен жыйынтыкталды.


Эскерте кетсек, жаӊы жылдык программалардын кечки бөлүгүн  саат 21:00до «Кыргызстан обондору» радиостанциясы өткөрөт. Саат 23:50дө шаар тургундары мэр Албек Ибраимов менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун чоӊ экрандан көрө алышат.


Жаӊы жылдык иш-чаранын соӊунда саат 00:00дө майрадык солют аттырылат. Шаар тургундарына ыӊгайлуу болуусу үчүн коомдук транспорттор түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.


Мындан тышкары, райондун аймактарында дагы жаӊы жылдык иш-чаралар өткөрүлөт.