ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Албек Ибраимов шаар тургундары менен бирге Жаӊы жылды «Ала-Тоо» аянтында тосту

31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана бий жамааттарынын катышуусунда жаӊы жылдык иш-чара өткөрүлдү.

Жаӊы 2017-жылды калаа башчысы Албек Ибраимов шаар тургундары жана коноктору менен борбордук аянтта бирге тосту.


Жаӊы жылдык концерттик программага шаардык маданият башкармалыгынын  ырчылары жана чыгармачылык жамааттар катышты.


Саат 21:00до эстафета жаӊы жылдык концерттик программа даярдаган «Кыргызстан обондору» радиостанциясына берилди.


 Саат 23:50дө майрамдын коноктору башкы балатынын жанына орнотулган чоӊ экрандан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун көрүштү.


Жаӊы жылдык иш-чара майрамдык солют менен жыйынтыкталды. Шаар тургундарынын ыӊгайлуулугу үчүн коомдук транспорттор саат 02:00го чейин каттап, коопсуздукту 1600 укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздады.