ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет Кочкор районунун окуучуларын жылуу тосуп алды

Кочкор өрөөнүнүн “Комсомол” жана “Дөң –Алыш” айылдарынын мектеп окуучулары Бишкек шаарынынын мэриясынын “Жаш карек” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы № 69 мектептин окуучулары менен таанышып, Бишкек шаарынын мэринин жаӊы жылдык салтанатту иш-чарасына катышышты.

 Долбоор 2014-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен уюштурулуп келе жатат. Кочкор өрөөнүнөн келген 25 окуучуга Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан даярдалган атайын программага күбө болуусуна, борбор шаарыбыздын № 69 мектеп - гимназиясынын окуучулары менен жакын таанышып, башкы балатынын жанында көнүл ачып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Түшкө чейин №69 мектеп-гимназиясынын атайын даярдалган программасына күбө болушту. Андан соң “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатынын кооздолушун көргөндөн кийин Бишкек шаарынын мэринин жаңы-жылдык балатысына катышышып, таттуу белектерди алышты.

 “Жаш – карек” долбоорунун  максаты – Кыргызстандын шаарларындагы жана аймактарындагы окуучулар арасында аймактар аралык достукту өнүктүрүү, жаш өспүрүмдөрдүн бош убактысын өлкөнүн облустары менен шаарларынын  тарыхый, географиялык өзгөчөлүктөрүн таанып билүүгө тартуу, мектеп окуучулар арасында өз жерине болгон патриоттук сезимин күчөтүү жана республиканын көптөгөн аймактарында билим алып жаткан жаш өспүрүмдөр арасындагы ынтымакты күчөтүү, өз жерин сүйүү, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле жасоо болуп эсептелет.


Аталган долбоордун Бишкек шаарынын мэриясы демилгелеп, Кыргыз Республикасынын  Президенти А. Атамбаевдин  “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында жана Бишкек шаарынын мэриясынын “2015-2017-жылдарга карата Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча” шаардык комплекстик Программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.