ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» кызматкерлери калаанын жолдорун кардан тазалоодо

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары калаанын жолдорун, аялдамалардын алдыларын жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ишкананын кызматкерлери таң эртеден тартып штаттык режимде иштешүүдө. Тротуарларды жана жолдорду муздан, кардан тазалоо иштерине  калаанын райондорунун жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын 501 короо шыпыргычы чыкты. Ошондой эле тазалоо иштерине 19 кар тазалоочу унаа, 4 трактор тартылды.


Күн бою  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды  кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.


Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.