ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн жаӊы жылдын алдында кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

«Коломто» муниципалдык мекемеси Жаӊы 2017-жылдын алдында туруктуу үй-жайсыз адамдарга кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Акцияны Биринчи май райондук администрациясы райондун ИИБ, ВИЧ-СПИД шаардык борбору, №3 ҮМБ шаардык кургак учукка каршы ооруканасы менен биргеликте уюштурду. Ошондой эле социалдык колдоо, социалдык маанидеги жугуштуу ооруларды алдын алуу, туруктуу үй-жайсыз адамдар арасында укук бузууларды алдын алуу максатында өткөрүлдү.


Акциянын алкагында 110 үй-жайсыз адамга медициналык текшерүү, мончо кызматтары көрсөтүлүп, ысык тамак жана кийимдер менен камсыз кылынды.


Ошондой эле ИИБ тарабынан үй-жайсыз адамдардын манжа издери алынып, маалыматтар базасына киргизилди.