Калаада «Кудай сүйгөн Куйручук» аталышта китеп көргөзмөсү болуп өттү
- Подробности
- Опубликовано 26.12.2016 11:05
23-декабрда Кыргыз Улуттук консерваториясында Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы тарабынан уюштурулган «Кудай сүйгөн Куйручук» китеп көргөзмөсү болуп өттү. Аталган китеп көргөзмө Кудайберген Өмүрзаковдун 150 жылдыгына арналды.
Иш-чаранын максаты кыргыз элинде унутта калып бара жаткан чечен, ойчул, олуя адамдарды жаштарга кенири жайылтуу жана окурмандарды китепканага тартуу болуп саналат.
Куйручук кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, жаакта жок чечен болгон. Карыпка кайрымдуу, бечарага бел болгон, карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Анын чукугандай таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылып келет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |