ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында КР энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Энергетиктерди кесиптик майрамы менен калаа башчысы Албек Ибраимовдун атынан вице-мэр Эркинбек Исаков жана мэриянын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.


«Сиздерди Кыргызстандын энергетиктердин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, калаабыздын өнүгүшүнө кошуп жаткан эмгегиӊиздерге ийгиликтерди каалайм!»,-деди Эркинбек Исаков.


Ошондой эле энергетика тармагынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.