ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына кызыктуу жаӊы жылдык программаларды даярдады

Бишкек шаарынын мэриясы Жаӊы 2017-жылдын алдында шаар тургундарына жана конокторуна жаӊы жылдык майрамдык иш-чараларды уюштурду.

29-декабрда саат 15:00до Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан 1100 жетим, жарым жетим балдарга,  аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун балдарына, ЧАЭС, афганга катышкан үйбүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ар түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрүнө жана жакшы окуган окуучуларга жаңы жылдык балаты өткөрүлөт.


Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 25-декабрда саат 10:00до Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жарым жетим, толук жетим балдарга, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык балаты уюштурат.


31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык театралдаштырылган концерт, элдик эс алуулар өткөрүлүп, иш-чара 2 бөлүктө  эртең мененки (12:00дон 15:00го чейин) жана кечки (20:00дон 24:00го чейин) бөлүктө өтөт. Кечки бөлүгүндөгү концерттик программа «Кыргызстан обондору» радиостанциясы менен биргеликте уюштурулуп,  шаар тургундары үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Саат 00:00до жаңы жылдык фейрверк болот.


Калаанын  төрт районунда тең жаңы жылдык иш-чаралар уюштурулат. Ленин районунда 15-декабрдан баштап МАБдарда «Жаңы жыл сенин корооңдо» аталышта жаңы жылдык иш-чара өткөрүлөт. 17 жана 19-декабрда саат 12:00до Жаш Гвардия бульварында театралдаштырылган балдар көрсөтүүсү өткөрүлөт.


20-декабрда жалпы билим берүү мектептеринде, Жал кичи районундагы балдардын социалдык адапташтыруу борборунда, «Боорукерлик борбору» АФ, балдардын убактылуу жашоочу «Балдарды коргоо борбору» АКда, «Үмүт-Надежда» реаблитациялык борборунда, майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясында жаңы жылдык  иш-чаралар өткөрүлөт. 22-декабрда саат 10:00до филармонияда аталган борборлордун балдары үчүн жаңы жылдык балаты уюштурулат.


22-декабрда саат 11:30да Жаштар аллеясында балдар үчүн жаңы жылдык иш-чара уюштурулуп, оюндар көрсөтүлөт.


Биринчи май районунда 24-декабрда саат 12:00до Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драм театрында 300 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балага жаңы жылдык балаты өткөрүлөт.


23-декабрдан 29-декабрга чейин жалпы билим берүү мектептеринде жана бала бакчаларда, 25 жана 26-декбрда саат 14:00до карылар үчүн үй-интернатында  жаңы жылдык иш-чаралар уюштурулат.


28-декабрда саат 14:00до Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында 630 толук жетим, жарым жетим балдарга, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн, ЧАЭС жана афган үйбүлөлөрүнүн балдарына жана майып балдарга жаңы жылдык көрсөтүү уюштурулуп, бардыгы 2370 балага жаңы жылдык белек таратылат.


30-декабрда Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде  «Кар кишинин кышкы окуялары» спектакли көрсөтүлүп, спектаклге райондун балдары чакырылат.


Свердлов районунда 23-декабрда саат 10:00до Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында 630 толук жетим, жарым жетим балдарга, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн, ЧАЭС жана афган үйбүлөлөрүнүн балдарына жана майып балдарга жаңы жылдык көрсөтүү уюштурулуп, бардыгы 2700 балага жаңы жылдык белек таратылат.


23-декабрда Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында администрациянын, райондук кызматтардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин балдарына жаңы жылдык көрсөтүү уюштурулат.


23-декбрдан 31-декабрга чейин райондун жалпы билим берүү мектептеринде, бала бакчаларда, Свердлов районунун кароосуз калган балдардын жайында, саламаттыкты сактоо уюмдарында, жаңы конуштарда, кичи райондордо, кварталдарда жана сейил бактарда жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлөт.


Ошондой эле Ибраимов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдын алдында жаңы жылдык жарманке уюштурулат.


Октябрь районунда 27-декабрда саат 14:00до Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 800  толук жетим, жарым жетим балдар, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн, ЧАЭС жана афган үйбүлөлөрүнүн балдары жана майып балдар үчүн жаңы жылдык көрсөтүү уюштурулуп, бардыгы 2650 балага жаңы жылдык белек таратылат. Ошондой эле шаардык муз тебүү аянтында майрамдык оюндар уюштурулат.


Райондун жалпы билим берүү мектептеринде, бала бакчаларда, жаңы конуштарда, кичи райондордо, кварталдарда жана сейил бактарда жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлөт. Д.Асанов атындагы сейил багында жаңы жылдын алдында жаңы жылдык жарманке уюштурулат.


31-декбрда саат 24:00до Д.Асанов атындагы сейил багында жаңы жылдык фейрверк аттырылат.


2016-жылдын 1-декабрынан баштап калаада жаңы жылдык жасалгалоо конкурсу жарыяланган. Конкурска администрациялык райондор, мекемелер, жеке ишканалар катышат.


Шаардык муниципалитет борбордук «Ала-Тоо» аянтына өлкөнүн башкы балатысын орнотуп, 19-декабрда салтанаттуу түрдө балатыны жандырды. Мындан тышкары, агропромдун имаратын жана калаанын көчөлөрүн жаӊы жылга карата жасалгалоо иштерин жүргүзүштү.


Ошондой эле жаӊы жылдын алдында шаар тургундары үчүн балаты базарлары ачылды. Ленин районунда балаты базары Дэн Сяопин жана Патриса Лумумбы көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Дордой-Моторс» базарында, Октябрь районунда «Кара-Жыгач» жаӊы конушу Анкара көчөсү боюнча Менделеев көчөсүнүн артында, Биринчи май районунда Махатма Ганди көчөсү боюнча «Баят» базарында жана Свердлов районунда Фрунзе көчөсүндөгү «Нарын» ресторанынын жанында ачылды.


Список новогодних представлений по городу Бишкек