ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Жаңы моделдеги китепкана» долбоорунун ачылышы болду

Бишкекте С.Орозбаков  атындагы №13 китепканасында «Жаңы моделдеги китепкана» долбоорунун ачылышы өттү.

Долбоор  Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын колдоосунда   «Шаардык демилге» коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.


Иш-чарада  «Шаардык демилге» коомдук фонду тарабынан даярдалган жана тарых жана маданият жылына арналган «Жаңы моделдеги китепкана» долбоорунун презентациясы көрсөтүлдү.


Аталган иш-чара кыргыз адабиятынын чыгармаларын сактоо, өнүктүрүү, жаштар арасында  китеп окууга кызыгууну жаратуу, чыгармачылык жөнүндө маалыматтарды жайылтуу максатында өткөрүлдү.


Иш-чаранын катышуучулары үчүн  концерттик программа тартууланды.