ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Манас» эпосу күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында, Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында жана “Манас” эпосун белгилөө күнүн өткөрүүгө байланыштуу, шаардык жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактарынын жыйынтыктары чыгарылды. Сынактарга шаардык балдар бакчаларынын тарбиялануучулары, мектеп окуучулары жана мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты.


“Жаш манасчы” сынагында № 172  (Саламатов Амир), № 186 (Абдубаитова Амина) балдар бакчаларынын тарбиялануучулары жана № 38 (Бактыбек уулу Белек), № 59 (Майрамбек уулу Калыбек), № 88 (Сапарбек уулу Баяман), № 77 (Калдар кызы Камила) жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары алдыңкы орундарга ээ болушту.


Ошондой эле №№ 83, 15, 69, 1, 63, 76, 8, 38, 93, 88, 17 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары сынакка жигердүү катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтө алышты.


 “Үйрөнчүк манасчы” сынагында №38 МГнын окутуучусу Талантбек уулу Нурбек,  № 64 МГнын мугалими Анарбекова Салтанат жана Биринчи май районунун № 16 МАБынын кызматкери Белеков Мелис Белекович алдыңкы орундарга ээ болушту.


Бардык катышуучуларга грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.