ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте башаламан соода менен күрөшүү жүргүзүлүүдө

«Спутник Кыргызстан» маалыматтык агенттигинде «Жаӊы 2017 жылын майрамдоо алдында Бишкек шаарындагы башаламан соода» аталышта басма-сөз жыйыны өткөрүлдү.

Басма-сөз жыйынга Бишкек шаарынын ИИББнын уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Камбаралы Доолоталиев, Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Адилет Малдыбаев, Биринчи май району боюнча МСК башкы инспектору Гульнура Жумабаева, Мамлекеттик өрткө каршы кызматы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Имангазиев жана Мамэкотехинспекциясынын  өрттү көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору Данияр Исмаилов катышты.


Жыйындын катышуучулары шаардын аймагындагы  башаламан соода менен күрөшүү ыкмалары жөнүндө, ошондой эле жаӊы жылдык пиротехникаларды колдонууда жана сатып алууда сактык чаралары тууралуу айтып беришти.


2016-жылдын январь айынан баштап Бишкек шаары боюнча 540 жайма базар алынды. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан шаардын көчөлөрүн ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Үстүбүздөгү жылдын башынан баштап башаламан базарларды жана соодаларды ирээтке келтирүү маселеси бир нече жолу пландык жыйындарда, райондук коллегияларда жана ыкчам жыйындарда каралып, башаламан сооданы токтотуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү жана аткарылган иштердин жыйынтыктары угузулду.


Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан дары-дармекти мыйзамсыз саткандарды аныктоо үчүн атайын рейддер өткөрүлдү.


Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы  тарабынан  Кулиев көчөсү менен "Берекет" базарынын аймагында рейд жүргүзүлүп, натыйжада аталган аймакта иштеген бардык сатуучулар лицензиясыз иштеп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле Ош базарынын аймагынан дары-дармек сакталган үч кампа табылган.


Мындан тышкары, муницпалдык администрациянын адистери Ленин районунун ИИББ менен биргеликте «Ош базары» СБК айланасын үзгүлтүксүз текшеришет. Дем алыш күндөрү саат 6:00дон баштап Москва көчөсүнүн  Бейшеналиева көчөсүнөн Кулуев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү башаламан сооданы жоюу боюнча иштер жүргүзүлөт.


Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы «Орто-Сай» базары, Нуркамал көчөсү боюнча «Асанбай» базарынын жанындагы сооданы ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүп келишет. Ар бир эс алуу күндөрү №7 кичи району, Юнусалиев көчөсүнө пенсионерлер өзүлөрүнүн буюмдарын сатууга чыгышат. Ар бир сатуучуга башаламан сооданы жүргүзүүгө жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.