ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаар тургундарын кабыл алды

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун шаар тургундарын жеке кабыл алуусу болуп өттү.

Кабыл алууда шаар тургундарынын турак-жай менен камсыз кылуу, Ибраимов көчөсү 42 дарегинде жайгашкан стоматологиялык борбордун мыйзамсыз курулушу, «Ак-Босого» конушун борбордук канализацияга кошуу, ошондой эле бутунун протези үчүн материалдык жардам көрсөтүү көйгөйлөрү айтылды.


Бардык көйгөйлөр боюнча калаа башчысы тиешелүү кызматтарга жана райондук администрацияларга маселелерди чечүү тапшырмасын берди.