ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын балатыны жандыруу аземине чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун 19-декабрда  саат 19:00до «Ала-Тоо» аянтындагы өлкөнүн башкы балатысын жандыруу иш-чарасына чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгы «Ретро FM» радиостанциясы менен биргеликте кызыктуу концерттик программа даярдашты.


Балатыны жандыруу иш-чарасына байланыштуу саат 18:00дон 21:00го чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн жабылат.


Шаардык муниципалитет автоунаа сүйүүчүлөрүн унааларын чектелген аймактан тышкары токтотууну суранат жана көрүлгөн коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт.