ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баскетбол боюнча Бишкектик команда мэрдин кубогун жеӊип алышты

16-декабрда «Арча-Бешик» жаӊы конушундагы Дене тарбия –ден соолукту чыӊдоо комплексинде Бишкек шаарынын мэринин кубогунун алкагында баскетбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш 14-декабрдан 16-декабрга чейин өткөрүлдү.

Мелдешке 17 жашка чейинки Кыргызстан жана Казакстандын спрортчулары катышты.


Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча мэрдин кубогун Бишкек шаарынын Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин спорттук оюндар шаардык командасы жеӊип алды. Экинчи орунду Кыргызстандын Республикалык адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектеби жана  үчүнчү орунду Алматы шаарынын спорттук интернаты багындырды.


Аталган иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду.