ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте биринчи балдар хосписи ачылды

2016-жылдын 19-декабрында Кыргызстандагы Биринчи Балдар хосписинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу ачылышка балдардын ата-энелери, шаардык муниципалитеттин башчысы Албек Ибраимов, балдар хосписинин жетекчиси Д.Аляева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, шаардык кызматтардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.


“Жардам берүү оӊой” коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасында алгачкы балдар хосписинин негиздөөчүсү Динара Аляева мурдатан шаардык муниципалитетке балдар хосписин уюштуруу үчүн имарат  бөлүү  өтүнүчү менен кайрылган.


Бишкек шаарынын мэриясы кайрылууну карап чыгып, 2016-жылдын 29-ноябрындагы №372-б  “Алгачкы балдар хосписи” коомдук кайрымдуулук фондун жайгаштыруу жөнүндө” буйругу менен, Жаш Гвардия бульвары, №71 “А” дарегинде жайгашкан имараттан бөлмөлөрдү бөлүштүрүп берди. Эске сала кетсек, мурда ал имаратта шаардык №2-балдар кургак учук ооруканасы жайгашкан, стационардык дарыланууга муктаж болгон кургак учук менен ооруган балдардын саны азайгандыгына жана Бишкек шаарында кургак учукка каршы күрөшүү кызматын оптималдаштыруу максатында аталган оорукана жоюлган. Эми имаратта алгачкы балдар хосписи жайгаштырылат жана келечекте республикалык паллиативдик жардам көрсөтүү борбору катары трансформацияланат. Ал эми имараттын башка бөлүгүнө медициналык тез жардам кызматынын дагы бир көмөкчү чордонун жайгаштыруу белгиленүүдө, ал шаардын түндүк-батышынын тургундарын тейлемекчи.


Хоспис 10 балага ылайыкташтырылды жана жалпы аянты 500 чарчы метрди түзүп, ашкана, процедуралык жана окуу бөлмөлөрү менен жабдылган.


Хосписте ар бир оорулууга физикалык жана психологиялык жактан ыңгайлуулук камсыз кылынышы зарыл. Физикалык ыңгайлуулукка жетишүү үй-бүлөдөгү шарттар сымал тиешелүү шарттарды түзүү аркылуу камсыздалат. Психологиялык ыңгайлуулук, ар бир оорулуунун абалын, руханий, диний жана социалдык муктаждыктарын эске алуу менен жекече мамиле кылуу аркылуу камсыз кылынат.


Биринчи Балдар хосписин оӊдоо иштерине 3 млн. сом коротулду, анын ичинен 1,7 млн.сом КР Президенти Атамбаев А.Ш. бөлдү жана 1,3 млн.сомду мэрия тарабынан бөлүндү. Оӊдоо иштерин “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААК, “Тазалык”, “Жашылдандыруу курулуш” МИ, Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын катышуусунда жана “Имарат курулуш”, “Строймир” жана жеке адамдардын колдоосунда жүргүзүлдү.