ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте KITEPFEST KIDS биринчи балдар фестивалы өтөт

2016-жылдын 18-декабрында саат 14:00дон 17:00го чейин Ч.Айтматов атындагы №1 китепканада Kitepfest Kids балдар адабий фестивалы өткөрүлөт.

Фестивалдын аталышы «Балалык жана Кичинекей ханзаада» аталып, балдардын өнүгүшүнө жана азыркы балдар адабиятына коомчулуктун көңүлүн бурдуруп,  ошондой эле балдар адабиятын жана көркөм чыгармачылыгын жайлытууга багытталат.


Иш-чарада балдар үчүн жабыштырып жасоо, каллиграфия боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Мындан тышкары, бардык каалоочулар «Кичинекей ханзаада» аталыштагы фотосессияга катышат алышат.


Ошондой эле буккроссинг (китеп алмашуу) акциясы өткөрүлөт. Акцияга катышууу үчүн катышуучулар мурда окуган китептерин алып келүүлөрү керек.


Иш-чараны «Шаардык демилге» коомдук фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгына караштуу Борборлоштурулган китепканалар тармагы уюштурууда.


Бишкек шаарынын мэриясы калаанын кичинекей тургундарын жана алардын ата-энелерин фестивалга катышууга чакырат. Кирүү акысыз.


Сурап-билүү телефону: : 0 551 680 864 - Атай Самыйбек, 0550 122 989 - Данияр Дадыбаев.