ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте футзал боюнча мелдеш жыйынтыкталды

14-декабрда «Арча-Бешик» конушундагы Дене тарбия –ден соолукту чыңдоо комплексинде «Мэрдин Кубогунун» алкагында футзал боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Мелдеш балдардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үндөө, спорттук оюндарды өнүктүрүү жана жайылтуу, спорттук мамилелерди бекемдөө, Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаарынын курама командаларына талапкерлерди кароо максатында өтүүдө.


Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандын 17жашка чейинки спортчулары катышты.


Аталган спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду - Алматы шаарынын (Казакстан) курама командасы, экинчи орунду -  Бишкек шаарынын курама командасы, үчүнчү орунду- Караганда шаарынын курама командасы жана төртүнчү орунду – Ош шаарынын курама командасы алды. Ошондой эле 14-декабрда баскетбол боюнча мелдеш башталды.


Баскетбол боюнча мелдештин ырааттамасы:


15-декабрда


2-тур:

 


18:00 – Алмата курама командасы – Алмата спорт интернаты.


20:00 – Республикалык адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектеби – АБОРСМ СО.


16-декабрда


3-тур:


10:00 -  Республикалык адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектеби – Алмата спорт интернаты.


12:00 – Алмата курама командасы - АБОРСМ СО.