ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын «Дельфин» бассейнине чакырат

«Дельфин» адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин кышкы сууга түшүү бассейнинде спортчулардын машыгуулары өткөрүлүүдө.

Спортчулардын машыгуулары ырааттамаларга ылайык, триатлон, сүзүү,  беш түрлүү көнүгүү, ошондой эле фехтование боюнча өткөрүлүүдө. Тажрыйбалуу машыктыруучулардын алдындагы топтордо 4төн 12 ге чейин 7 жаштан 25 жашка чейинки спортчулар, анын ичинде сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы машыктырылууда.


«Дельфин» бассейни Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын балансында турат.


Бассейндин эшиги  баардык шаар тургундары жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн дайыма ачык.  Бассейинде 1 саат сүзүү 150 сом турат. Ал эми 12 жолу каттоочу абонемент акысы 1 жарым миң сомго барабар. Эртең мененки 6:00дөн кечки 22:00го чейин сууда сүзүүнү каалагандарды кабыл алат.   Сурап-билүү номери: 0700220707.


Маалымат: «Дельфин» адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектеби 1957-жылы ачылган.