ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракеси белгиленди

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси болуп өттү.

Иш-чара КР Тарых жана маданият жылынын алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы №1 китепкана тарабынан уюштурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрынын артисттери тарабынан Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндүлөр, монологдор айтылды. ЖОЖдордун студенттери Ч.Айтматовго арналган ырларды окушту. Бардык шаар тургундарына жана конокторуна китепкана тарабынан китептер көргөзмөсү уюштурулду.


Маалымат: Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Чоң атасы Айтмат кыргыздын кытай уруусунан чыккан бай кишининуулу болгон. 1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Чынгыз Айтматов Кыргыз Эл Жазуучусу (1968), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968; 1979; 1983), Республикалык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997), Германиянын искусство Академиясынын мүчөкорреспонденти (1978), Париждеги Европа. илимдер, искусство жана адабият Академиясынын академиги (1983), Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илимдер, искусство Академиясынын академиги (1987) болуп шайланган.


Чынгыз Айтматов 10-июнда 2008-жылы  Германиянын Нюрнберг шаарында даарыланып жатып каза болгон. Сөөгү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлган.