ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри №7196 шайлоо участкасында добуш берди

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга катышты.

Муниципалитет башчысы өзүнүн жарандык милдетин аткарып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылындагы  №7196 шайлоо участкасында добуш берди.


Эскерте кетсек, 11-декабрда Кыргызстанда КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.


БШК маалыматы боюнча, республика боюнча 2 миң 365 шайлоо участкалары ачылып, анын ичинен 35 участка өлкөнүн сыртында иштеп жатат. Бишкекте башка облустарда катталган, бирок борбор калаада жашаган жарандар үчүн кошумча 32 участка ачылды.