ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек Жаңы жылды тосууга камданууда

2016-жылдын 10-декабрынан баштап «Ала-Тоо» аянтында калаанын башкы балатысын орнотуу иштери башталды. Балаты 2016-жылдын 19-ноябрында жандырылат. 25 метрлик жасалма балатыны «Бишкексвет» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары кооздоо жана орнотуу иштерин жүргүзүүдө.

«Жашылдандыруу курулуш» МИ Кароосуз калган балдардын реаблитациялык борборуна, Балдарды социалдык адапташтыруу борборунун, «Айданек» балдарды реаблитациялоо борборуна жана Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реаблитациялык борборунун алдына 4 метрлик балаты орнотууну пландап жатат.


Эң мыкты жасалга конкурсунун алкагында райондук администрациялардын, маданий-коомдук жайларда, ЖОЖдордун жана МАБдардын имараттарынын алдына балатылар орнотулуп, жаңы жылдык жасалгалоо иштери жүргүзүлөт.


Ленин районунун Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын алдына 15 метрлик балаты орнотулду. Ленин районунун аймагындагы «Ош базарына», КР ИИМ укук бузууларды алдын алуу борборуна, «Рахат палас» соода борборуна, «Газпром дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексине», «Беш-Сары сити» борборуна 5 балаты орнотулат.


Биринчи май районунун Панфилов атындагы паркына тиешелүү жаңы жылдык жасалгалары менен балаты орнотулат.


Свердлов районунда Алма-Ата көчөсү Чүй проспектиси менен кесилишине жаңы жылдык балаты орнотууну пландоодо.


Октябрь районундагы Дайыр Асанов атындгы паркына «Тазалык» МИ кызматкерлери тарабынан 11 метрлик жасалма балаты орнотулду. Ошондой эле парктын айланасына жаңы жылдык жарманке уюштурулат. Жашоочулар жаңы жылдык жасалгаларды, оюнчуктарды жана балатыларды сатып ала алышат.