ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы веложолдун жээгине жарыктандыруу орнотту

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, калаанын түштүк бөлүгүндөгү веложолго тышкы жарыктандыруу орнотулду.

Веложолдо шаар тургундарынын ыңгайлуу жүрүүлөрү үчүн 56 торшердик түркүк, 112 светодиоддук чырак (50Вт), 1 тышкы жарыктандыруу панели, 11 светодиоддук чырак, 1 түркүк,  чырактардын үстүнө 11 кронштейн орнотулуп, 600 метр зым тартылды.


Айланма веложол Жукеев-Пудовкин – Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөрүнүн чектешкен жерлерине үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында курулган.


Веложолдун узундугу 1,5 км, туурасы- 3 метрди түзөт.


Эскерте кетсек, веложолду куруу «Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары» программасынын алкагында жүргүзүлдү.