ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 2016-жылдагы болжолдуу жыйынтыгы» аталышта басма-сөз жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 8-декабрда Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун  жана вице-мэрлердин катышуусунда «Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн  2016-жылдагы болжолдуу жыйынтыгы» аталышта басма-сөз жыйыны өткөрүлдү.


Жыйындын башында  калаа башчысы Албек Ибраимов 2016-жылы шаардык муниципалитеттин аткарган артыкчылыктуу иштерин айтып берди.


Калаа башчысынын айтуусу боюнча, шаардагы бардык көйгөйлөр – жолдорду куруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, социалдык тармак, жылуулук менен камсыз кылуу, тышкы жарыктандыруу, коомдук транспорттун иштери жана башка көйгөйлөрдү чечүү багытындагы алгылыктуу  иштер жүргүзүлгөн.


Артыкчылыктуу багыттардын бири жолдорду куруу жана калыбына келтирүү. Калаанын кварталдар аралык жана кичи райондордун ички жолдорун калыбына келтирүү максатында жалпы узундугу 52,4 км 61 көчө оңдолду.


Басма-сөз жыйындын жүрүшүндө журналисттер тарабынан мэриянын ишмердүүлүгү жана 2016-жылы аткарган иштери боюнча 30дан ашык суроолор берилип, суроолорго жооптор алынды.


Аталган жыйындын соңунда мэр Албек Ибраимов мэриянын ишмердүүлүгүн объективдүү чагылдырып жаткан журналисттерге ыраазычылык билдирип, келе жаткан Жаңы 2017-жылы менен куттуктады.