ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын балаты базарына чакырат

Бишкек шаарынын Энвер Греев атындагы ботаникалык багында шаар тургундарынын балаты сатып алуулары үчүн балаты базары ачылды.

Балатылар Токмок жана Каракол токой чарбаларынан алынып келинген.


Түбү менен карапага отургузулган жашыл балатыны жыл бою сатышмакчы. Жаңы жылдан кийин балатыны жерге отургузууга болот. Ошондой эле балатыларды Ташкент көчөсү 17 дареги боюнча "Жашылдандыруу" ишканасынан дагы сатып алууга болот.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы 2016-жылдын 4-декабрынан баштап ийне жалбырактуу дарактарды отургузууну баштады. 2016-жылдын 20-декабрына чейин Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 600 түп арча жана 800 түп туя, 721 бүктөлгөн дарактын  эки түрүнөн жана кадимки 40 көчөт отургузулат.


Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата, Тыналиев, Семетей, Жаш Гвардия көчөлөрүнө, Октябрь кинотеатрына, Чапаев жана  Жеңиш парктарына отургузулду.


Жакынкы арада Лев Толстой – Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишине, 10 кичи районундагы гүл бакчага, Чолпон-Ата көчөсүнө, Фучик, Чүй, Тынчтык, Бах, Шопоков, Гоголь көчөлөрүнө отургузулат. Көчөттөр «Жашылдандыруу курулуш» ишканасынын  токой питомнигинде өстүрүлгөн.