ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Жаш Манасчы» конкурсу өткөрүлдү

Свердлов районунун №85 орто мектебинде райондун 20 мектебинин окуучулары арасында «Манас Эпосу» күнүнө арналган «Жаш Манасчы» конкурсу өткөрүлдү.

Иш-чарага райондун орто мектептеринен 35 окуучу катышып, өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү.


Конкурстун жыйынтыгында баш байгени №35 орто мектептин окуучусу Бактыбек уулу Белек, биринчи орунду - №38 мектебинин окуучусу Садыров Тагар, экинчи орунду - №85 орто мектебинин окуучусу Максат уулу Актан жана үчүнчү орунду - №76 мектебинин окуучусу Жаныбек уулу Азирет алды.


«Манас Эпосу» күнүнүн урматына эпостун башкы каармандарынын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду.