ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы өрттөн үйү жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун атынан Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тыаев  өрттөн үйү жабыркаган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөттү.

2016-жылдын 4-декабрында саат 02:15 чамасында Сухомлинов-Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №29 бир кабаттуу, барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыгып, өрттүн жыйынтыгында аталган үйдүн чатыры толугу менен күйүп кеткен.


Аталган турак –үй 1957-жылы курулуп, 12 батирден турат. Үйдүн чатыры –темир, жабдуусу-жыгач, дубалы – чийки кирпич, жер төлөөсү- жыгач, пайдубалы –таш аралаш цементтен курулган. Мындан тышкары, кошумча курулуштар курулуп келген. Өрт электр энергиясына этият мамиле кылбагандыктан келип чыгып, жалпысынан 825 чарчы метр чатырды жалмап кеткен. Өрттө жабыркагандар болгон жок.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тапшырмасы менен мэрия тарабынан 500 миң сом  каражат бөлүнүп, аталган үйдүн чатырын оңдоого курулуш материалдары  сатылып алынды.  Ошондой эле өрт өчүрүгөндөн кийин Ленин райондук администрациясынын,  райондук кызматтардын жана   «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өрттүн калдыктарын тазалоо иштерин өткөрүштү.


Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев үйдүн чатырын оңдоого акимиат жана шаардык кызматтардын кызматкерлери жардам көрсөтөрүн  белгиледи.


Аталган даректин жашоочулары калаа башчысы Албек Ибраимовго, шаардык муниципалитетке жана акимге ыраазычылык билдиришти.