ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясы боюнча абал курч бойдон калууда

Мамлекеттик-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясы оорулары боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

3-октябрдан 4-декабрга чейин 16 миң 98 учур катталды. Өткөн жылы 10 миң 664 учур катталган жана былтыркыга салыштырмалуу быйыл 50,9%га өскөн.


Ноябрь айында окуучулардын сабакка катышуусуна жүргүзүлгөн мониторингде 35 мектепте окуучулардын 20% катышпагандыгы көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча координациялык комитеттин токтому менен 5-декабрдан 12-декбрга чейин окуу процесси токтотулду. Ошондой эле 13 жеке мектеп карантинге жабылды.


Карантин учурунда балдар үйлөрүндө болуусу зарыл.


Мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарында балдардын келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, коомдук транспортторго берилген санитардык эскертүүлөрдү аткарууларын көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялык режим сакталбаган жана коомдук транспорттун ичи тазаланбаган учурда ишканалардын жетекчилерине 10 айыптык санкция  салынат.