ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушту.

“Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн башкы шаарынын мындан ары өнүктүрүүгө тиешелүү актуалдуу маселелери, баш калаанын инфраструктурасынын комплекстүү өнүктүрүү боюнча коюлган пландардын ишке ашыруусу, шаар чөйрөсүн жакшыртуу, анын ыңгайлуулугун жогорулатып, интеллектуалдык жана руханий дараметин ачууга шарттарды түзүү тууралуу алардын суроолоруна жооп берди.


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү иш-чара  салтка айланган өлкөнүн облустарынын жана шаарларынын жашоочулары менен өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин ачык талкууга алган иш-чаралардын уландысы деп,  белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, алар мындан ары да уланмакчы.


Жолугушуунун жыйынтыгынын негизинде Мамлекет башчысынын шаардыктар менен жолугушуусунда айтылган маселелерди чечүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат. (Маалымат КР Президентинин аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмүнөн алынды)