ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте эл аралык майыптар кʏнʏнɵ арналган иш-чаралар ɵткɵрʏлдʏ

Калаанын тɵрт районунда ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендердин Эл аралык кʏнʏнɵ арналган иш-чаралар ɵткɵрʏлдʏ.
Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында Биринчи май райондук администрациясы 650 ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамга майрамдык иш-чара уюштуруп, концерттик программа тартуулоо менен материалдык жардам кɵрсɵттʏ.
 
Райондун социалдык коргоо башкармалыгында 2360 ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адам каттоодо турат. Алардын бардыгына социалдык стипендия, материалдык жардам кɵрсɵтʏлʏп, отун, кɵмʏр, ошондой эле азык-тʏлʏктɵр, кийим-кече жана медициналык дары-дармектер менен камсыздалып турушат.
 
Свердлов райондук администрациясынын башысы Самарбек Болотбеков майыптар ʏчʏн 7 адистештирилген мекемеге барып, жакшы каалоолор менен белектерди тапшырды.
 
№30 кɵмɵкчʏ мектепке турмуш-тиричилик буюмдары,  №21 Республикалык угуусу начар жана дүлөй балдардын атайын мектебине сыналгы, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасына компьютер жана термочайнек белекке берилди. Дʏлɵй балдар ʏчʏн атайын жалпы билим берʏʏ мектеп-интернатына муздаткыч, №124 атайын мектепке чейинки билим берʏʏ уюмуна 4 комплект ʏстɵл отургучтары менен, №48 атайын мектепке чейинки билим берʏʏ уюмуна 10 отургуч берилди. Ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендерди колдоо программасы жыл сайын ɵткɵрʏлɵт.
 
Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев Жал кии районунда жашаган Мамиева Гʏлзаданын ʏй-бʏлɵсʏнɵ барды. Гʏлздананын жолдошу кɵрʏʏсʏ боюнча 1-топтогу майып, ошондой эле балдары дагы кɵрʏʏсʏ боюна 18 жашка чейинки майыптардын катарына кирет. Мамиеванын ʏй-бʏлɵсʏнɵ 10миӊ сом ɵлчɵмʏндɵгʏ материалдык жардам жана азык-тʏлʏктɵр берилди. Ошондой эле майып балдар ата-энелеринин Ассоциациясынан 10 миӊ сом материалдык жардам тапшырылды.
 
Ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендерди колдоо максатында «Υмʏт-Надежда» реаблитациялык борборуна, №22 кɵмɵкчʏ мектебине жана майыптар  ʏчʏн реаблитациялык борборуна материалдык жардамдар кɵрсɵтʏлдʏ. Ленин районунун Социалдык ɵнʏктʏрʏʏ башкармалыгынын каттоосунда 3217 адам турат. Анын ичинен 832си 18 жашка чейинки ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдар. 
 
Октябрь районунда «Космопарк» оюн-зоок борборунда «Биз биргебиз» иш-чарасы ɵткɵрʏлдʏ. Иш-чарага ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдар ата-энелери менен чакырылды. Балдар ʏчʏн концерттик программа тартууланып, мультфильм кɵрсɵтʏлдʏ. Район башысы балдарга таттуу белектерди жана ата-энелерине акчалай жардамдарды тапшырды. Октябрь районунун Социалдык ɵнʏктʏрʏʏ башкармалыгынын каттоосунда 1029 майып турат. Анын ичинен 500 майып балдар. 
 

Бирини май району:

Ленин району:

Свердлов  району:

Октябрь району: