ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаар куруу кеңешине катышты

«Бишкекбашкыархитектура» МИнын имаратында 1-декабрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында шаар куруу кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.

Күн тартибинде эки долбоор – Бишкектин борбордук бөлүгүн жана Фучик көчөсү – Чүй проспектиси жана Лев Толстой – Садырбаев көчөлөрүнө транспорттук түйүндөрдүн схемасын деталдуу пландоо талкууланды.


Жыйынга архитекторлор коомунун мүчөлөрү, «Бишкекбашкыархитектуранын» башчысы Бакытбек Абдиев, курулуш боюнча мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.