ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте карантинге 20 мектеп жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, калаанын 20 мектеби карантинге жабылды.

Бул жумада борбор тарабынан калаанын бардык райондорунан 59 мектеп текшерилип, №1, 6, 12, 13, 17, 22, 23, 28, 29, 33, 38, 40, 48, 57, 61, 65, 66, 67, 78, 79 мектептеринде, «Ариел-Лиор» жеке бала бакчасында, «КРСУ» и «Сейтек»  жеке мектептеринде  30 пайыздан ашык окуучу сасык тумоо менен ооруганына байланыштуу сабактарга катышпай жатышат. Буга байланыштуу окуу процессин 5 күнгө токтотуу токтому чыгарылды. Медиктер башка жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын сабактарга келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүдө.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына сасык тумоо менен ооруган 422 адам жаткырылган. Анын ичинен, 395 0 жаштан 14 жашка чейинки балдар, бул көрсөткүч 93%ды түзөт.


Калган мектептер боюнча акыркы чечим Бишкек шаарынын мэриясынын координациялык комитетинин 2-декабрда өтө турган жыйынынан кийин кабыл алынат.