ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ тротуарларды жана жолдорду муздан тазалоо иштерин жүргүзүүдө

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, тротуарларды, жер алдындагы өтмөктөрдү жана жолдордун жээктерин муздан тазалоо иштерин өткөрүүдө.

Калаада бардыгы 11 жер алдындагы өтмөк бар. Ленин районунда – 5, Октябрь, Биринчи май, Свердлов, Октябрь  райондорунда 2ден өтмөк жана  15 кабат жолдор бар.


«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден тартып штаттык режимде иштешүүдө. Тротуарларды жана жолдорду муздан, кардан тазалоо иштерине  Жол-эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана калаанын райондорунун 507 короо шыпыргычы чыкты.


Күн бою  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды  кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.


Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясынын ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана 0554-182-185 сүрөттөрү менен маалыматтарды жибере аласыз.