ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун башчысы «Ак-Босого» жаңы конушунун тургундары менен жолукту

Биринчи май районунун башчысы Аскербек Алиевдин райондук жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте «Ак-Босого» конушунун тургундары жана кварталдык комитеттери менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө район башчысы аткарылган иштер тууралуу айтып берди. Үстүбүздөгү жылы «Ак-Босого» конушунун Чүй 6, Чүй 17, Чүй 41, Саадаев, Манас, №67а, 69а кваталдарында жалпы узундугу 670 метр жолго шагыл төгүлгөндүгүн, ошондой эле Чүй 8, Чүй 14, Чүй 32, Манас көчөсүнөн Чүй 8 көчөсүнө чейин жалпы узундугу 1100 метр жолго кийинки жылы шагыл төгүү пландалып жаткандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, «Ак-босого» конушундагы  Архитектор, Профессор Зима, Чүй 2 көчөлөрү, ошондой эле №176 маршуттук каттам жүрүүчү жол түздөтүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Профессор көчөсү Зима көчөсүнөн №81 мектепке чейинки, Бухара көчөсүнө чейинки жолду асфальттоо пландалды. «Бишкексууканал» башкармалыгы Чүй 41,42,50,51,52,53,54,55,56,57,58,59,60,61 көчөлөрүнө канализация түтүктөрүн орнотушуп, узундугу 2100 метрден ашык дренаждук тутумду тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Чакырылган шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери аткарган иштери боюнча маалыматтарды, алдыдагы пландар тууралуу  айтып беришти. Конуш тургундары тарабынан жарыктандыруу, суу менен, электр энергиясы  камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда райондук жана шаардык кызматтарга тургундардын көйгөйлөрүн чечүү тапшырмалары берилди.

Бул багыттагы жолугушуулар башка конуштарда да өткөрүлөт.